7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Санариптик өнүгүү министри оң рулдуу унаа тетиктерин өлкөгө алып келүүгө тыюу салууну сунуштайт

2383

Санариптик өнүктүрүү министрлиги оң рулдуу автоунааларды кураштырган, жаңылаган тетиктерди сырттан алып келүүгө тыюу салууну сунуштады.

Министрлик 2015-жылы оң рулдуу  унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганда, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды ташып келүүгө чектөө киргизилбегендигин белгилейт.

Мыйзамдагы бул жагдайдан улам оң рулдуу автоунааларды кураштырган тетиктер өлкөгө тоскоолдуксуз алып келинүүдө.

«Бул норманы оң рулдуу унааларды жаңыртуу үчүн пайдаланышууда. Анда кузовду алмаштырууга уруксат берилген. Ошону менен бирге иш жүзүндө каттоо учурунда эски транспорт каражатын каттоо документтерине жаңы машинанын маалыматтары киргизилип колдонулат. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен токтомго өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты«, — деп жазылган документте.

Мындан улам руль оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарына жаңы кузовдорду орнотууга, мурда жарактан чыккан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салуу демилгеси көтөрүлгөн.

Чечим коммуналдык чарба, айыл чарба, жолдорду курууга (күтүү) пайдаланылган (автокрандар, автобургулоочулар, автобетон аралаштыргычтар, чачып, жууган машиналар) жана өкмөт тарабынан аныкталган транспортторго тиешеси жок экендиги айтылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2384