Казакстандын Караганда облусунда талаа өрттөнүп, жүздөгөн мал-жандыктар кырылып калды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Аталган окуя болгон жерден тартылган видео жана сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланган. Белгилүү болгондой, Улуу-Тоо районунун Байконур айылында эле 300дөй мал-жандык өлгөн.
Маалыматка ылайык, Керегетас, Ойшыбар, Калыбай, Демеубай, Сарысай, Кызылсай, Ермек жана башка айылдардын тургундары жабыр тарткан. Айылдыктар алардын көйгөйүнө көңүл буруп, маселени чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун таап берүүнү өтүнүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 4-июлда Караганда облусунда 12 табигый өрт очоктору көзөмөлгө алынган.
Ал эми, 4-июль күнү кечинде жергиликтүү тургундар Улуу-Тоо районунун аймагындагы Коскол айылынан түндүк-батыш тарапта 40 чакырым алыстыкта күйүп кеткен УАЗ автоунаасын табышкан. Анын жанында 1998-жылы туулган баланын күйүп кеткен жансыз денеси табылган. Каза болгон адам ыктыярдуу өрт өчүрүүчү топтордун катарында болгон эмес жана талаа өрттөрүн өчүрүүгө катышкан эмес. Өлүмдүн себеби такталууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram