7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кыздарды жамбашка чапкан учур кайталанды, бул ирет окуучу кыз

2092

Кыздарга ыдык көрсөткөн дагы бир бала коомчулуктун талкуусунда. Бул ирет окуучу кызга ыдык көрсөтүп, уят сөздөр менен сөккөн баланын тасмасы таркады.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тасма 5-июлда Алыкулов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №42 мектеп тараптан тартылган. Кыздар 16-17 жаштарда, мектеп окуучулар экендиги аныкталган.

«Окуяга күбө болгондор милицияга кабар берип, атайын топ барган учурда бала коомдук транспорт менен ал жерден кетип калган болот.  Учурда издөө жана териштирүү иштери уланууда», -деп жазылат.

Эске салсак, Бишкек шаарында буга чейин журналист кызга ыдык көрсөткөн учур (жамбашына чаап) катталган. Коомчулукта нааразычылык көп айтылганы менен, мыйзамдуу түрдө чара көрүлбөй келет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2093