Кыздарга ыдык көрсөткөн дагы бир бала коомчулуктун талкуусунда. Бул ирет окуучу кызга ыдык көрсөтүп, уят сөздөр менен сөккөн баланын тасмасы таркады.
Ленин РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тасма 5-июлда Алыкулов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №42 мектеп тараптан тартылган. Кыздар 16-17 жаштарда, мектеп окуучулар экендиги аныкталган.
«Окуяга күбө болгондор милицияга кабар берип, атайын топ барган учурда бала коомдук транспорт менен ал жерден кетип калган болот. Учурда издөө жана териштирүү иштери уланууда», -деп жазылат.
Эске салсак, Бишкек шаарында буга чейин журналист кызга ыдык көрсөткөн учур (жамбашына чаап) катталган. Коомчулукта нааразычылык көп айтылганы менен, мыйзамдуу түрдө чара көрүлбөй келет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram