7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди

463

Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча аскер прокурорунун жардамчысы өтүнүч келтирип, сот аны 6-июль күнү жактырган.

«Шектүү Тимур Файзиевге карата камакка алуу чарасы каралган болчу. Эми ал сотко чейинки жана сот өндүрүштөрү аяктагыча өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди», — деп айтылат билдирүүдө.

28-май күнү Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкектин аймагынан жер алууда коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө. Мындан тышкары, курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзгөн деп дагы айыпталып жатат.

Биринчи май райондук соту Файзиевдин сыртынан бөгөт чарасын карап, аны №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

464