Бүгүн 7-июль Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясында, депутаттар укук коргоо органдарынын жетекчилеринен Орхан Инандынын уурдалышы боюнча отчёттук маалымат алышты.
Эл өкүлү Марлен Маматалиев, Ички иштер министри Улан Ниязбековдон, «Орхан Инанды толугу менен Кыргызстандын жараныбы?»-деп сурады.
Ниязалиев Инанды кош жарандыкка ээ экендигин айтып, Кыргызстандын жарандыгы 2012-жылы кандай жол менен берилгендиги текшерилип жаткандыгын айтты.
Эске салсак, кечээ Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ТИМге чакырылып, кыргыз бийлиги тарабынан нота берилген. Жолугушуу учурунда элчи Орхан Инанды Түркиянын жараны экендигин айткан.