7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоого карата бүгүндөн баштап 3000дей милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

588
Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого карата милиция кызматкерлери бүгүндөн баштап күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коомдук тартипти сактоо үчүн 3000дей милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле элдик кошуундар дагы жардам көрсөтөт. Ал эми миңден ашуун милиционер шайлоо участкаларына бекитилди.
«Коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын ыкчам штабы түзүлдү. Коомдук тартипти камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын планы иштелип чыгып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык милицияларына жөнөтүлгөн. ИИМдин кызматкерлерине БШК менен биргеликте онлайн-методикалык окуулар өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери 9-12-июль күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт», — деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, ушул жекшембиде Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул күнү 326 шайлоо участкасы ачылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

589