УКМК тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан иш-чаранын алкагында, акча талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын УКМКнын КККнын кызматкеримин деген “Т.С.К.” аттуу алдамчы кызматкер кармалды.
Аталган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган «Т.С.К.» Нарын шаарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Эгерде аталган жарандын иш-аракетинен жабыркагандар болсо, КР УКМКнын Нарын облусундагы ишеним телефону (03522) 50849 кайрылыңыздар болот.