7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү

619

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июнунда Мамлекет башчысынын бизнес-коомчулук менен жолугушуусу өтүп, анда ишкерлердин ишинин алкагында келип чыккан бир катар көйгөйлөр жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган.

«Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, Жапаров бизнес-коомчулуктун сунуштарын жана көйгөйлөрүн угуп жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлөрүн белгилеген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620