Бүгүн, 9-июлда жалпысынан 127 591 киши коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
«Өлкөдө күнүнө 1000ден ашык адам вакцина алууда. Ушул жуманын башынан бери төрт күн ичинде 6000ге чукул адам эмделди. 83 001и вакцинанын экинчи дозасын сайдырышкан», — деп айтылат маалыматта.
- Бишкек шаары — 42 793;
- Ош шаары — 9 601;
- Чүй облусу — 21 887;
- Ош облусу — 14 269;
- Ысык-Көл облусу — 11 032;
- Талас облусу — 4 577;
- Нарын облусу — 4 720;
- Жалал-Абад облусу — 13 693;
- Баткен облусу — 5 019
Белгилей кетсек, бүгүн, Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1,25 миллион дозасы келиши күтүлүүдө.