7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атаханов: Чыдайлы! Өтө кыйын, бирок, кийин башыбыз бийик болот!

1159

Кыйын, бирок болгон күчтү топтош керек

Чыгыш таануучу, дипломат Авазбек Атаханов учурдагы элдин көкүрөгүндөгү кайгы-куса, өксүк, арманын айтып, мунун баары артта калаарын баса белгилеп пост жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына калтырган.

«Мына, биз, баарыбыз коронавирус пандемиясынын тийгизген терс таасиринен эки жылдан бери жабыркап келе жатабыз. Эл бир гана жашоо нугунун чыгып, образын жоготпостон, жакындарын, ден-соолугунан, жумушунан, бизнесинен айрылышууда. Азыр ирээнжүүнүн жана орой адеп-ахлактын күнү, анткени көпчүлүгү турмуштун туңгуюгуна кептелип, жакырчылыктын алдында турушат. Келгиле, таарынычтарды, уруш-талаштарды, чыр-чатактарды, саясатташууну, дымакты, эмоцияны, көрө албастыкты жана интриганы таштайлы дагы, бардык күч-аракеттерибизди бириктирип, ден-соолугу чың коомду жана ийгиликтүү мамлекетти куралы. Элдик акылмандардын “Алган колдон, берген кол артык”, — дегени бар. Андыктан, жакшылык кылууну кааласаңыз, шашылыңыз, эч өкүнбөйсүз. Абийириңизди сактаңыз жана адамдык сапаттан тайбаңыз. Бул оор күндөр да артта калат, башкысы, кийин биз балдарыбыздын жана урпактарыбыздын алдында башыбыз бийик болот», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1160