Кыргызстанда 24-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 147 адамдан аныкталды. Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 бейтап каза болгон.
Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.
Жаңы катталган учурлар аймактар боюнча;
- Бишкек шаарында – 661,
 - Ош шаарында – 8,
 - Чүй облусунда – 153,
 - Ош облусунда – 59,
 - Талас облусунда – 20,
 - Нарын облусунда – 26,
 - Ысык-Көл облусунда – 52,
 - Жалал-Абад облусунда – 95,
 - Баткен облусунда – 73 адамдан илдет табылган.
 
Ал эми бир суткада 1 миң 306 адам илдеттен сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 143 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 60 адам дарыланууда.



