7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Асыл Айымдар» каржы пирамидасын түзгөн эки аял кармалды

10562

Бишкекте пирамида схемасын уюштурган деген шек менен дагы эки аял камакка алынды. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, бөлүмгө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары арыз менен кайрылышкан. Алар арыз ээлеринин айтымында, шектүүлөр WhatsAppтын жардамы менен «Асыл Айымдар Фонду» деп аталган «жакырчылыкты жоюу боюнча кыймыл» түзүү планын иштеп чыгышкан, ал эми текшерүүдө каржы пирамидасы экендиги аныкталган.

Шектүүлөр жабырлануучуларга акча которуу жолу менен буюм-тайымдарды же болбосо акчалай кайтарып берүү убадасы менен чоң сумманы көрсөтүшкөн. Качан гана алардын акчасы чогулганда качып кетишкен, деп берилет маалыматта.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында 1986-жылы туулган Б.Ч жана 1974-жылы туулган Б.М. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

10563