7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Антикоррупциялык кеңеш ишкерлерди жолугушууга чакырды

748

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңеш бизнес коомчулугун 27-июлда өкмөт үйүндө өтүүчү жолугушууга чакырууда. Анда Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамынын өзгөрүүсү үчүн критерийлер, кеңештин ишин уюштуруу жана башка маселелер талкууланат.

Быйыл 8-июлда президенттин Жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн. Анын негизги максаты, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү болуп эсептелет.

12-июлда Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп Нурипа Муканова дайындалган.

Жолугушууга катышуу үчүн secretariat.adc@gmail.com электрондук дарекке же 0555 347 141 ватсапп номерине мекеменин толук атын, өзүнүн аты-жөнүн, электрондук дарегин жана байланыш номерлерин жазуу керек. Катышууну каалагандар 26-июль саат 24:00гө чейин билдирүүнү жибериши керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

749