«Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин жетекчиси Канатбек Турдукулов акыркы айлыгынын тең жарымын кол астында эмгектенип жүргөн жумушчуларына бөлүп берди. Бул тууралуу Байкан Абад аталышындагы Facebook колдонуучусу видео менен бөлүшкөн.
Анын айтымында, Канатбек Турдукулов бул кызматка келгенине үч айдын жүзү болсо, алгачкы эки айлыгын ата-энесине берген. Бул айда ал үчүнчү айлыгын алып, анын жарымын жумушчуларына тартуулап, позитив тартуулаган.
«Кызматкерлерге мээрим төгүп, шаарыбыздын тазалыгы үчүн эмгектенгендерди четте калтырбай жакшы маанай тартуулады», — деп жазган.