7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жетиден 7 кеңеш: «Кара кийим ысытабы? Ысыктан кантип коргонуу керек?»

3466

Кыргызстандын аймагында бүгүн, 24-июлда аномалдык ысык болот деп болжолдонгон, ал эми ысык 27-июлга чейин созулары айтылат. Абанын температурасы жогорулап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38…+40 градуска, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска жетиши күтүлөт.

Мындай күндүн ысык табынан кантип коргонуу керек? “7tv.kg” маалыматтык сайты ысыктан коргонуунун 7 эффективдүү ыкмасын сунуштайт.

  1. Нымдуу кийим кийиңиз

Кембридж университетинин физиги Лиза Жардин-Райт: «Эң эффективдүү сунуш — кийимди нымдоо», — дейт.

Анын айтымында, суунун бууланып кетиши, башкача айтканда, абалынын суюктуктан газ абалына өтүшү үчүн жылуулук энергиясы керек. Бул энергия денеден нур чыгарып, терини муздатып, температураны төмөндөтөт.

  1. Колуңузду муздак сууга салыңыз 

Колуңузду, муздак сууга толтурулган чакага салып отуруңуз. Бул тууралуу пикирин Портсмут университетинин адам физиологиясы боюнча профессору Майк Типтон билдирген.

Анын айтымында, дене температурасы жогорулаганда, кан терини көздөй багыт алат.

«Дененин ичиндеги температура калыбына келери менен, колдогу кан айлануу жайлап, өзүңүздү мелүүн сезе баштайсыз», — дейт Триптон.

  1. Желдеткичти терезеге коюп коюңуз

Желдеткичти жабык бөлмөнүн так ортосуна коюп койгонго караганда, терезеге коюуу эффективдүүрөөк,  дейт Жардин Райт.

Анын айтымында, бөлмөнүн ортосунда турган желдеткич ичиндеги гана ысык абаны айлантат, ал эми терезеге коюлса сырттагы муздак абаны киргизет.

  1. Карри соусу кошулган тамак жеңиз

Карри соусу кошулган ысык тамакты жеө, дененин температурасын түшүрөт. Карриде капсаицин бар болгондуктан тер бөлүп чыгарууну стимулдайт.

  1. Бош кийимдерди кийиңиз

Буга чейин ак түстөгү кийим салкындатып, кара түстөгү кийим ысытат деп айтылып келген. Бирок, 1980-жылы кийимдин түсү менен дененин температурасынын ортосунда эч кандай байланышы жок экендигин аныкташты.

Жардин-Райттын айтымында, ысыктан коргонуунун эң жакшысы бош кийим кийүү.

“Эгер аба сиздин териңиздин айланасында айланып жүргөн болсо, тердөөдөн алыс кылып, адамдарга ыңгайсыздык жаратпайт”, — дейт ал.

  1. Жылуу сууга жуунуңуз

Көрсө, күн ысыкта муздак душка түшүү дененин температурасын тез түшүрүүчү ыкма деп эсептелинет экен. Бирок, денеңиз температуранын кескин өзгөрүшүнө реакция жасап, натыйжада жылуулукту сактоого аракет кылат. Андыктан 20 градустан жогору сууда жуунуу пайдалуурак деп эсептейт Триптон.

  1. Терезелерди кантип ачуу керек

Эгер үйүңүздүн терезелеринде горизонталдуу тирөөчтөр болсо, анда тирөөчтөрдү өйдө жана ылдый жактан ачып, бөлмөнү абдан натыйжалуу муздата аласыз.

Терезени өйдө көтөрүү менен жогоруда сакталып турган аба бөлмөдөн чыгып, салкын аба бөлмөгө терезенин төмөнкү бөлүгү аркылуу кирет. Ушул эле ыкманы эки кабаттуу үйлөргө да колдонсо болот, дейт Жардин-Райт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3467