Ош шаарында сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштурган келин, сотто жазадан бошотулду. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.
Ош ШИИБинин маалыматына ылайык, 1991-жылы туулган Кочкорлук келин 24-июлда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде, сойкулук менен алектенип жаткан жеринен кармалган.
Тергөөнүн маалыматтары боюнча келин сойкулук менен алектенүү үчүн ушул жылдын 22-июнунан 24-июнуна чейин Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен ижарага батир алып, көмүскө жай уюштурган. 24-июнда аталган жай тинтүүгө алынып, келин кардары менен кармалып, жанынан 2000 сом табылган. Бул акча видеокамеранын жана күбөлөрдүн катышуусунда алынып, протокол түзүлгөн.
Соттук отурумда келин күнөөсүн мойнуна толук алып, алгач өзү жалгыз иштеп, кардарлардан саатына 2000 сомдон алганын айтып берген. Кийинчерээк Чүйдүн Сокулук районунан тааныш кызы келип, экөө иштеп башташканын жашырбайт.
- Айыпталуучу Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулукка жана ыпыластыкка көмөктөшүү) менен күнөөлүү деп табылып, 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
- Жазык кодексинин 79-беренесине (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) ылайык, Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 23-июнундагы өкүмү менен белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 5 жылга эркинен ажыратылды.
- Жазык кодексинин 83-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 2 жыл 6 айлык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулду.