Жекшембиде өлкөнүн айрым аймактарында туман түшүп, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрөт. Бул тууралуу «Кыргыз гидрометеорология» билдирди.
Абанын температурасы Таласта 4…9,
Ысык-Көл, Чүй чөлкөмдөрүндө 3…8,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 8…13,
Нарын жеринде 2…7 градусту көрсөтөт.



