7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үч өспүрүмдүн өмүрүн алган өрт кырсыгы: Ош шаарындагы кайгылуу окуя

3

15-ноябрь саат 04:42де Ош шаарынын Уста Абдухалил көчөсүндөгү №31 үйдөн өрт чыгып, үс өспүрүмдүн өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМнин Ош облусундагы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Туугандарынын айтымында, өрт саат 04:00 чамасында башталып, 101 кызматына 40 мүнөттөн кийин гана кабар берилген.

Өрттөн 2013, 2016 жана 2018-жылы туулган үч өспүрүм каза болду. Үй ээси, 1991-жылы туулган эркек киши 60% күйүк алып, облустук ооруканага жеткирилди.

Өрт саат 05:20де чектөөгө алынып, 07:57де толук өчүрүлгөн. Күйгөн аянт 120 чарчы метрди түзөт.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт ашканадагы электр зымдарынын кыска туташуусунан же электр жылыткычтан чыккан болушу мүмкүн. Себеби такталууда.

4