7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COP31: Анталияда тоо туризмин туруктуу өнүктүрүү талкууланды

3

14-ноябрда Анталияда өтүп жаткан COP31 саммитинин алкагында Кыргызстандын Улуттук павильонунда «Климаттын өзгөрүшү жана тоо туризми» аттуу эл аралык панелдик талкуу өттү. Иш-чараны Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурду.

Талкууда климаттын өзгөрүшүнүн тоо туризмине тийгизген таасири, экосистемаларды сактоо, инфраструктуранын туруктуулугу жана инвестиция тартуу маселелери каралды.

Туризм агенттигинин директорунун кеңешчиси Санжарбек Болотов Кыргызстанда мөңгүлөр жылдан-жылга кичирейип, 2026-жылдын биринчи жарымында 348 сел катталганын белгиледи. Бул былтыркыга салыштырмалуу 5 эсеге көп. Мындай көрүнүштөр туристтик маршруттардын коопсуздугуна жана жергиликтүү калктын кирешесине түздөн-түз таасир этет.

Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Йоко Ватанабе банк өткөн жылы климаттык долбоорлорго 13,5 млрд доллар багыттаганын, анын 23%ы жаратылышты коргоого арналганын билдирди. Кыргызстан катышкан Жашыл климаттык фонддун аймактык программасынын көлөмү 200 млн долларды түзөт.

Талкууда туризмди өнүктүрүү менен жаратылышты коргоо бир убакта жүргүзүлүшү керектиги, жергиликтүү жамааттардын, аялдар менен жаштардын катышуусун кеңейтүү маанилүү экени белгиленди.

4