Бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети бир нече долбоорлордун ичинде, Бишкек шаарындагы коомдук транспорт маселесин чечүүгө багытталган насыянын мыйзам долбоорун карап чыкты. Бир катар сын-пикирлер, сунуштар айтылып, долбоор бир добуштан колдоо тапты.
Жыйында депутат Айбек Алтынбеков, Бишкек мэриясын Ата-Мекендик ишкерлерди колдобогону үчүн сындады.
» Кантта, Ошто автоунаа чыгарган 3 завод турганына карабай, көнгөн адам боюнча акчанын баарын сыртка чыгарып, автобустарды башка өлкөдөн алып келип жатасыңар. Бул мамлекеттин экономикасына чыккынчылык, өзүңөр ала турган 10%ды гана ойлойсуңар. Андан көрө, өзүбүздөгү заводдорго буйрутма берсеңер алар да иштеп алмак, акча мамлекетте калмак«- дейт Алтынбеков.
Эске салсак, Бишкек мэриясы коомдук транспорт менен төйлөө тармагын өнүктүрүү үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан жалпы 33 млн евро алуу келишимин түзгөн. Анын 22 млну 12 жылга насыя түрүндө, 8 млну кайтарымсыз гранд катары берилет. Ага кошумча техникалык колдоо катары 1,7 млн берилээрин Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү баяндады.
Бул каражатка Бишкек мэриясы жаңы газ менен иштеген автобустарды сатып алууну көздөйт. Депутат Айбек Алтынбеков, унааларды сырттан алып келбей, өзүбүздө ачылган заводдордон алалы, ошондо мамлекеттик бюджетке пайда болот дейт.
Ошону менен бирге, газ менен иштеген автобустан баш тартууну сунуштады, себеби Жалал-Абадда мунай өндүргөн Ата-Мекендик ишкерлер нефтини болгону 40 сомдон сатат. Ал эми газ биздин өлкөдө өндүрүлбөйт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram