Нурадил Баясов Инвестициялар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинен кабарлашты.
Буга чейин Баясов Министрлер кабинетинин инвестиция, ишкердик жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк секторунун башчысы, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары, аталган агенттиктин башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кызматтарын аркалаган.
Баясов 1989 жылы 18-сентябрда төрөлгөн. Жогорку билимдүү.
2005-2008 -жылдар аралыгында Бишкек Гуманитардык Унивеситетинин соода экономикалык коллледжин,
2008-2012- жылдары ошол эле окуу жайдан билимин жогорулатып, Банк иштери боюнча диплом алган. Андан сырткары Президенттин алдындагы Башкаруу Академиясында финансы жана кредит, экономика тармагында билим алган.