Чүйдөн Россияга ири өлчөмдо баңги заттарын ташуу системасын түзгөн аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин баңги затын мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык кармалган аял 1979-жылы төрөлгөн Р.Н. баңги затын Россиянын Новосибирск облусуна ташып бараткан.
Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүнүн жашаган үйүнүнөн жети жүз алтымыш эки даана таңгакталган баңги каражаттары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 кг 930 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты алынган.
Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.