7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык Айдан Иманалиев “КМШнын мыкты студенти” деп табылды

1730

Кыргызстандык Айдан Иманалиев “КМШнын мыкты студенти” деп табылды. Ал Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Дарылоо факультетинин 5-курсунда окуйт.

«КМШнын мыкты студенти-2021» эл аралык долбоору Казакстандын илимпоздорунун Конгрессинин колдоосу менен «Бобек» Улуттук Кыймылы тарабынан уюштурулган. Конкурска жалпы 50 студент катышышкан.

Бул иш-чаранын максаты — КМШ өлкөлөрүнүн бардык университеттеринин ичинен илимий иштерде, чыгармачылыкта, студенттин өзүн-өзү башкарууда, спортто жана илим менен билимди өнүктүрүү үчүн бириктирүүчү аянтча түзүүдө эң активдүү болгон студенттерди аныктоо жана аларга дем берүү, ошондой эле бүткүл КМШ өлкөлөрүнүн студенттеринин ортосунда кызматташтыкты калыптандыруу. Долбоорго Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусия жана Россиянын мыкты студенттери катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1731