Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиадада Кыргызстандык спортчулар Жоламан шаршенбеков менен Айпери Медет кызы ким менен беттешээри белгилүү болду. Бул тууралуу Олимпиаданын пресс-атташеси Кабыл Макешев кабарлайт.
Маалыматка ылайык, чүчү кулак бүгүн, 31-июлда болуп өткөн. 1-августта грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 3 медаль топтому ойнотулат. Мелдештин биринчи күнү Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызы өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы казакстандык балбан — Мейрамбек Айнагулов болмокчу.
Ошондой эле Казакстандан келген спортчу Элмира Сыздыкова дагы 76 кг салмакта Айпери Медет кызынын атаандашы.
Белгилей кетсек, мелдеш эртең мененки саат 8: 00дө башталат.