7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү 3-ирет сүзүп өттү. Ал 57 жашта

5094

Ысык-Көлдө 8-август көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча жарыш өткөн. Ага катышкандар көлдүн тескейиндеги Тоң районунун Кара-Талаа айылынан күңгөйдөгү Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп келишкен.

Nomadsport компаниясы уюштурган жарышта депутат Бактыбек Турусбеков 14 чакырым аралыкты 5 саат 27 мүнөттө сүзүп өтүп, марага биринчи жеткен.

«Жашы 57ге келип калганына карабастан, ал өзүнүн жаш атаандаштарын жеңип алды. Мындай натыйжага жетишүүгө анын жаш кездеги тажрыйбасы жардам берди», — дейт уюштуруучулар.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү алгачкы ирет 2018-жылы, андан кийин 2019-жылы сүзүп өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5095