Бишкекте 707 жаран AstraZeneca вакцинасы менен эмделди. Бул тууралуу брифингде Биринчи май районунун БҮМБнун Бала жана эненин ден соолугун коргоо боюнча директордун орун басары Диляра Искакова билдирди.
Учурда AstraZeneca менен эмдөө уланууда, Бишкекке аталган вакцинанын 10 миң дозасы бөлүнгөн.
Бишкек шаарында коронавируска каршы 72 миң 405 адам эмделсе, анын ичинен 48 миң 595 жаран экинчи компонентин алган.
Вакцина алгандардын арасында: 2 миң 903 медицина кызматкери, 2 миң 744 билим берүү кызматкери, 4 миң 823 мамлекеттик кызматкерлер, 65 жаштан жогору 15 миң 366 адам, 1 миң 947 укук коргоо органдын өкүлдөрү, өз ыктыяры менен алгандар 40 миң 588 адам жана 1 миң 588 жаран өнөкөт оорулары бар жарандар бар.
Эске салсак, 5-августта Ала-Букадагы аскердик бөлүктө эмдөөдөн өткөндөн кийин, аскерлер өзүн жаман сезгендиктен 44 аскер даарыгердин козөмолүнө алынып, AstraZeneca вакцинасын колдонууга убактылуу тыюу салынган болчу.
Саламаттыкты сактоо министрлигини маалымат катчысы, аталган вакцинага чектөө 7-августта эле алынып салынганын, учурда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө өлкө боюнча уланып жатканын билдирди.
Ал эми, жогоруда сөз болгон аскерлердин абалы, ашыкча кыжаалат болуу, тынчсыздануудан келип чыккан дейт.
AstraZeneca вакцинасын колдонуу Кыргызстанда убактылуу токтотулду