7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

AstraZeneca вакцинасын колдонуу Кыргызстанда убактылуу токтотулду

3203

Кечээ 5-август Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктө коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделгендер арасынд өзүн жаман сезгендер катталып, жалпы 44 аскер кызматкери даарыгердин көзөмөлүнү алынган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Жалал-Абад облусуна жалпысынан 4 миң доза AstraZeneca вакцинасы бөлүнгөн, анын ичинен 211 адам эмделген. Аталган аскердик бөлүктө эмделген 90 адамдын төртөөндө эмдөөдөн кийинки терс таасирлер байкалган. Айрымдарынын дене табы 39 градуска чейин көтөрүлүп, баштары катуу ооруган.

Ал эми 40 аскер кызматкеринде субфебрилдик температура байкалган. Ушуга байланыштуу кошумча көзөмөл үчүн вакцинаны алган 44 аскер кызматкери дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Учурда бардык бейтаптардын абалы туруктуу, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Окуя катталган жерге саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев жана ата мекендик адистер жөнөп кетишти.

«Азыр биз бул учурлардын баары вакцина алгандан кийин катталдыбы же башка нерсе себеп болдубу билбейбиз. Элдердин тынчсыздануусун туура түшүнөбүз жана аталган жагдайга байланышкан акыркы маалыматтар менен бөлүшүп турабыз. Министрлик AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотту», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3204