17-августка карата коронавирустан 6 бейтап каза болуп, 561 бейтап илдеттен сакайып чыккан. Акыркы бир сутка ичинде дагы 341 адамдан инфекция аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
- Бишкек шаарында – 151,
 - Ош шаарында – 3,
 - Чүй облусунда – 93,
 - Ош облусунда – 1,
 - Талас облусунда – 15,
 - Нарын облусунда – 11,
 - Ысык-Көл облусунда – 29,
 - Жалал-Абад облусунда – 22,
 - Баткен облусунда – 16.
 
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 920 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 67 адам дарыланууда.
17-августка карата акыркы сутка ичинде 23 миң 629 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 926 адам вакцинанын биринчи дозасын, 14 миң 703 адам экинчи дозасын алган.



