7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендин 27 жаштагы тургуну эл аралык террордук уюмдун мүчөсү катары кармалды

804

Кыргызстандыктарды «Ислам мамлекети» Эл аралык террористтик уюмга тартуу жана андан ары Сирия менен Афганистанга өткөрүп берүү максатында ишмердүүлүк жүргузүп жүргөн 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, террордук уямга мүчө катары кармалган С.Ж. Баткен облусунун  1994-жылы туулган тургуну. Ал 14-август күнү УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши каралууда.

Ыкчам иликтөө учурунда, кармалган жаран 2016-жылы (Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган) «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун бандиттик түзүлүштөрү тарабындагы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Сириядагы куралдуу чыр-чатактар зонасына кеткени аныкталган.

 УКМК “С.Ж.” менен болгон кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды комплекстүү улантып жатканын эскертти. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805