Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары үчүн акысыз троллейбус каттамы жүргүзүлөт. Каттам борбор калаанын негизги көчөлөрүн айланып, жүргүнчүлөргө маалымат берет.
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
«Троллейбус саат 13:00дө эт комбинатынан чыгып Асанбай кичи районуна чейин барат. Анда экскурсовод жүргүнчүлөргө шаардын көрүнүктүү жерлери тууралуу айтып берет. Каттам саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Бардык каалоочуларды атайын каттамдын жүргүнчүсү болууга чакырабыз», — дешет мэриядан.