7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москва милициясы мигранттарга карата 800 кылмыш ишин козгогон

608

Түрдүү мыйзам бузууларга байланыштуу Москва милициясы акыркы айларда мигранттарга каршы 800 кылмыш ишин козгоду. 200гө чамалуу мигрант депортацияланды. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин соцтармактагы баракчасына жазды.

«Акыркы айларда полиция мигранттарга карата бир нече катаал рейддерди жүргүздү. Натыйжада түрдүү мыйзамсыздыктарга байланыштуу 800 кылмыш иши козголуп, 200гө чамалуу адам депортацияланды. 17,5 миң адамга өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салынды. Москва — меймандос шаар, бирок коноктор да өздөрүн ошого жараша алып жүрүшү керек» — дейт калаа башчысы.

Собянин көпчүлүк мигранттар мыйзам бузбай, оор иштерде иштесе да каттоого туруп пантент албаганын эскертет. Акыркы айларда Москвада мигранттардын ич ара кагылышуулары көп катталган. Алардын эң ириси — июль айында Кузьминскийде болгон. Анда кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалган.

Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары. Кузьминки окуясынан кийин 26 кыргызстандык Орусияга 40 жылга чейин кире албай турган болуп депортацияланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609