1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынынын расмий түрдө ачылышы болот. Бул тууралуу маалыматты парлементтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бул жылы депутаттар каникулга июль айынын этегинде кетишкен.
Алтынчы чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү октябрь айында бүткөн. Бирок, өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу депутаттарды шайлоо жылдырылган.