Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта, Айдаркен шаарындагы Айдаркен сымап комбинатынын абалы менен таанышты. Эске салсак комбинаттын түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл толду.
Айдаркен сымап комбинаты менен Кадамжай сурма комбинатындагы өндүрүштү жандандыруу максатында «Дуваташ” компаниясы менен жакында эле келишимге кол коюлган.
Инвестор комбинаттардын өнүмдөрүн дүйнөлүк рынокко чыгарууга даярдыгын билдирди. Кадамжай сурма комбинатында 800гө жакын, Айдаркен сымап комбинатында 1000ге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө.
Азыркы учурда бардык адистиктер боюнча жумушчуларды кабыл алуу жүрүп, жаңы жабдуулар алынып жатат. Өндүрүштүн көлөмү көбөйүүдө.
Президент Садыр Жапаров ишканадагы жумушчулар менен баарлашып, суроолоруна жооп берди. Жумушчулар мектеп куруу, суу менен камсыздоо, пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыга байланыштуу социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүнү суранышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө, аталган инвестор жумушчулардын балдары үчүн мектеп курулушун бүтүрүп жана социалдык пакет алкагында стадион курууга милдеттендирилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram