7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түштүк Корея Ооган качкындарын белектер менен тосуп алды

1220

Түштүк Кореяда Ооганстандан келген качкындарды белектер менен тосуп алышып, өлкөдө иштөөгө уруксат беришти. Алардын качкындарга жасаган мындай жылуу мамилеси социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, көпчүлүк колдонуучулар ыраазы болгон пикирлерди калтырышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө жашаган Рафаэль Рашид аттуу журналист качкындарды тосуп алуу учурундагы сүрөттөрдү Твиттер баракчасы аркылуу бөлүшкөн.
Журналисттин айтымында, кореялыктар Ооган качкындарын оюнчук мамалактар жана башка түрдүү белектер менен кубанычтуу тосуп алышкан.

Ошондой эле «Кореяга кош келиңиздер. Биз силерди жакшы көрөбүз» деп англис жана корей тилдеринде жазылган баннерлерди да даярдашкан.
Андан тышкары өлкөнүн юстиция министри качкындарга узак мөөнөттүү виза берүү чечимин кабыл алганын жана өлкөдө иштөөгө уруксат бергенин да кошумчалаган Рафаэль Рашид.
Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары «дүйнөдө баш аламандыктар болуп турган убакта мындай жаңылыкты угуу кандай сонун» дешип, кореялыктардын мамилесин мактоого алышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1221