30-августка карата коронавирустан дагы 6 бейтап каза болуп, 300 адам илдеттен сакайып чыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 152 адамдан катталган. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
- Бишкек шаарында – 67,
- Ош шаарында – 1,
- Чүй облусунда – 19,
- Талас облусунда – 4,
- Ысык-Көл облусунда – 43,
- Жалал-Абад облусунда – 6,
- Баткен облусунда – 12.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 132 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 226 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 889 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 417 киши айыгып чыкса, 2 миң 524 адам каза болду.