Жаш футболчу Александр Шишмарев футбол ойноп жаткан жеринен аянтчада каза болду. Окуянын күбөсү Калининград футбол федерациясынын башчысы Александр Гвардис «Балтика-М» менен «Красная Звезда» командаларынын беттешинде болгон оор жоготуу тууралуу “РИА Новости” маалыматтык агенттигине айтып берген.
Анын айтымында, жаш футболчунун өлүмүнө башынан алган жаракаты себеп болгон эмес.
«Баарыбыз үчүн өтө оор жоготуу. Ал «Балтиканын»оюнчусу менен кагышып, жерге кулап түштү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал муунуп каза болгон. Тез жардам кызматын чакырдык, алар 15-25 мүнөттөн соң келишти», — деген ал.
Гвардис ошондой эле каза болгон футболчунун жакындарына көңүл айтты.
Эске сала кетсек, ишембиде, башкача айтканда 28-августта «Балтика-М» менен «Красная Звезда» футболдук курама командаларынын беттешүүсү өткөн. Дарыгерлер футболчуну сактап калууга бир саат аракет кылышкан, бирок куткара алышкан эмес.