7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Соттун төрайымы Түркиянын Кассациялык сот системасы менен таанышып келди

599

Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркияга барган иш сапардын алкагында Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа менен расмий жолукту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы кызматташтыгы, өз ара байланыштарды бекемдөө жаатында талкуу кылышкан.

Нургүл Бакирова Түркия Сот жылынын ачылыш аземине жана «Апелляциялык соттордогу мыкты тажрыйбалар» эл аралык симпозиумуна катышууга чакырылган.

Симпозиумда Бакирова түрк тилдүү мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешин түзүү демилгесин көтөрүп, Мехмет Акаржа бул демилгени толук колдой тургандыгын билдирген.

Төрайым эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу максатында Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржаны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600