Орхан Инандыга жана Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча тергөө аяктап, мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 9 аткаминерге айыптоо жарыяланды.
Анын ичинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго эл аралык издөө жарыяланды.
Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынын билдиришинче, сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу) жана 319-беренеси (коррупция) менен жүргүзүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн бир катар документтер жасалмаланып, бардык бланкттар олуттуу мыйзам бузуулар менен түзүлгөн.
Түркиянын 3 жараны Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирген дагы эмес, калган жетөө Кыргыз өлкөсүнө келип, паспортторду алгандан кийин дароо өлкөдөн чыгып кетишкен.
Ал он адам тең Түркияда террордук уюм деп таанылган «FETO» кыймылынын тизмесине буга чейин киргизилген. Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары документтерге кол коюп, аларга Кыргыз жарандыгын берүү иштерин тездетүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген», — деп жазылат ШИИББдин маалыматында.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип жатканы туурасында төмөнкү адамдарга билдирме жөнөтүлгөн:
- М. Пратова,
- Т. Сарпашев,
- Б.Табалдиев,
- Ф. Ниязов,
- А. Атамбев,
- С. Исаков,
- Д.Сатыбалдиев,
- Э. Апилов,
- Г. Бердигулова.
«Мындан тышкары Сапар Исаков менен Бусурманкул Табалдиевге мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. 2021-жылдын 15-сентябрында Алмазбек Атамбаевге Кылмыш кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилген. 16-сентябрда болсо Атамбаевге карата айыптоо актысы чыгарылып, ушул эле күнү кылмыш иши Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү«, — дешти шаардык милициядан.