7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Олимпиада чемпиондоруна өмүр бою стипендия төлөнөт

5

Олимпиада чемпиондоруна жана байге ээлерине өмүр бою ай сайын стипендия төлөнөт.

Тиешелүү токтомго МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтом 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Олимпиада, Паралимпиада жана Сурдлимпиада оюндарынын байге ээлерине өмүр бою ай сайын стипендия төлөнөт. Алтын медаль ээлерине 30 миң, күмүшкө 25 миң, колого 20 миң сом берилет. Дүйнө чемпиондоруна да 20 миң сом каралган.

Өмүр бою берилүүчү төлөмдөр спорттук стипендиянын белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин башталат. Спортчунун көрсөтүлгөн эки же андан ашык титулу болгон учурда өмүр бою ай сайын берилүүчү стипендия стипендиянын эң жогорку өлчөмү каралган бир гана титул үчүн төлөнөт.

 

6