7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек аялдар форумунда 10,3 млн долларлык келишим түзүлдү

918

Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форумунун жыйынтыгында 10,3 млн долларлык келишим түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева форумдун расмий жабылышында билдирди.

Нарбаеванын айтымында, эки өлкөнүн президенттери аялдардын ишкердигин колдошот жана жардам берүүгө даяр.

«Биз бир күндө ушунчалык көп иштерди аткарып, келишимдерди түзүүгө жетиштик. Эгерде убакыт көп болсо, бизде дагы канча мүмкүнчүлүктөр бар экенин элестетип көрүңүз. Ошондуктан, биз бүгүнкү форумду үзгүлтүксүз улантып турууну чечтик. Келерки жылы баарыңарды Өзбекстанга чакырабыз, андан кийинки жылы кайра Кыргызстанда болот. Ошентип, ал дайыма иштөөчү платформага айланат», — деди Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы.

Форумда Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлган. Тактап айтканда, SPZ-Bearings компаниясы менен «Кыргыз Винд Систем» ишканасынын ортосунда, Hyundai Elevators Kyrgyzstan компаниясы менен «Ташпулат Строй Инвест» ишканасы жана «Рост Академия» интеллектуалдык окуутуу борборлорун Самарканд шаарында ачуу боюнча ALSAEDA компаниясы менен келишимдер түзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

919