7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мен кыйкырып качтым» тажиктер 2 окуучуну кантип кармап кеткени айтылды

3091
Тажик чек арачылары тарабынан кармалып, бир суткадан кийин облус жетекчилеринин сүйлөшүүсү менен бошотулган 2 окуучу аткезчилик өткөрүлүп жаткан жүзүмдү ташууга чек арага барган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жаштык айылынын тургуну Талипов Айбек Абдухалилович Тажикстандан аткезчилик менен жүзүм алып өтүүгө 3 окуучу баланы чакырган. Жардамы үчүн акча убада кылган.
Натыйжада 23-сентябрь кечки 21:00 чамасында кыргыз-тажик чек арасында Лейлек районунун Жаштык айылынын тургундары 2 окуучу тажик чек арачыларына кармалып, бир окуучу менен Айбек Талибов качып кутулуп кеткен.
Айбек кармалган балдарды өз алдынча чыгарууга аракет кылган бирок анын аракети пайдасыз болгондо гана ал 23:00 чамасында укук коргоо органдарына кайрылган.
Бул факты Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын жазык кодексинин 170 беренеси менен катталып (адам уурдоо)менен катталып.Сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3092