7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте баңгизат сатууга шектелип эки жаран кармалды

590

4-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды сатып алуу учурунда  1998-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, анын шымынын оң чөнтөгүнөн 18 даана кызыл түстөгү атайын “термо” каптары алынган. Алардын ичинде жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  С.А. өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды атайын калтырылган жерлерин көрсөтүп, 21 даана кызыл-сары түстөгү атайын “термо” каптарын өткөрүп берген. Андан жалпысынан 40 даана баңги жана психотроптук заттар алынып, бул 320 дозага жеткендиктен (бир граммынын баасы 3100 сом) жалпы суммасы 124 (жүз жыйырма төрт) миң сомду түзгөн.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын соода борборлорунун биринде аталган кылмышка катыштыгы бар 1999-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалды. Ал баңгизаттарды таратып саткандыгын мойнуна алып, Бишкек шаарынын аймагында катылган баңгизаттарды көрсөтүп берип, анда 20 даана “термо” каптары алынган. Алардын бирин ачкан учурда, кристаллдык ак зат бар экендиги аныкталган. Алынган заттар Альфа-PVP (a-PVP) психотроптук заттын аралашмасы экендиги аныкталган. Баңгизаттардын, таңгак менен жалпы салмагы 20 граммды түзүп, 240 дан ашык дозасы (бир граммынын баасы 3500 сомду) 70 (жетимиш) миң сомду түздү.

Аталган факты Аламүдүн райондук ИИБнын КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) катталган.

Аламүдүн райондук соту тарабынан С.А. жана Э.А. аттуу жарандарга карата тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулду.
Учурда бул кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

591