Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык 1-4-октябрларда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.3-5-октябрь күндөрү түнкүсүн үшүк жүрөорү күтүлүүдо. Бул күзгү жыйым-теримге терс таасирин бериши мүмкүн.
2-3 октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп:
- Чүй өрөөнүндө 5…10°,
- Талас өрөөнүндө 4…9°,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°,
- Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9° жылуу болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
3-5-октябрларда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.