Ош — 3000 жылдык байыркы шаар. Б. з. ч. 4- 5-кылымда шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган.
- 8–10-кылымда Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган.
Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы болгон.
- Дарбаза-ий Кух (Тоо дарбазасы),
- Дарбаза-йи Аб (Суу дарбазасы),
- Дарбаза-йи Мугкеде (Отко сыйынуучулардын ибадатканасы дарбазасы).
Макдисий 966-жылы жазып бүткөн өзүнүн «Ахсенут-текасим» аттуу эмгегинде,
«Ош дарыялары мол, ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ шаар болуп эсептелет. Абасы таза жана молчулук бар. Жамы-мечити базарлардын ортосунда жайгашкан. Тоого жакын бай жер болуп суулары мол. Бул жерде жайгашкан чоң рибатка (аскерий гарнизон жайгашкан жай) ар тараптан көңүлдүү адамдар келишет»-деп шаардагы диний абал жөнүндө да баа жеткис маалыматтарды берет.
Ош шаарын 13-кылымдын башында Чыңгыз хандын аскерлери кыйраткан. 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башында жашаган Жамал Карший, өзүнүн «ал-Мулхакат бис-сурах» аттуу эмгегинде Ош шаары боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет,
«Ош шаары. Анда эки анча чоң эмес тоо жайгашкан: Баракух жана Ханаф. Баракух тоосунда азиз жана салих адамдардын мазарлары жайгашкан. (Ал жерде) башкалардын катарында Давуддун уулу Сулаймандын вазири Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү бар, экөөнө Алланын рахматы болсун».
- 14-кылымдын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган.
Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй жөнүндө эскерип кеткен. (1496–98).
- 17-кылымда калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган.
- 1762-жылы Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары менен кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин курамына кирип, 19-кылымдын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон.
- 1876-жылдан Түркстан генерал- 181 губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин борбору болуп калган.
- 1924-жылдан округдун, 1926- жылдан кантондун, 1928-жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору.