7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бийлик Афганистандагы кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди

855

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, памирлик кыргыздар бийик тоолуу катаал табигый -климаттык шартта жашашат жана кышкы суук бул жерге дээрлик эрте түшөт.

Памирлик кыргыздар үчүн — 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатылып алынган, бул үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Азыркы учурда гуманитардык жүк белгиленген жерге жеткирилип, памирлик кыргыздарга бөлүштүрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

856