7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

20-21 жаштагы балдар мал уурулукка шектелип кармалды

426

Ушул жылдын 3-октябрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1977-жылы туулган жаран Д.С. кайрылган.

Маалыматка ылайык, Шопоков шаарындагы жайгашкан сарайынан белгисиз адамдар тарабынан анын бир баш малын уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында мал уурулукка шектелишип, 2000-жылы туулган Д.В. жана 2001-жылы туулган М.А. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Учурда шектүү жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

427