7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чейрек финалда Мээрим Жуманазарова 7:1 эсебинде атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты

1307

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.

Чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен кезек келди. Мекендешибиз 7:1 эсебинде атаандашын жеңип, жарым финалга көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1308