7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айпери Медет кызы коло медалын тагынды (ВИДЕО)

721

Дүйнө чемпионатында Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча коло медалына татыды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандык спортчу 76 кг салмакта болгариялык Мария Орешкова менен мелдештин 1/8 финалында күрөшүп, ага мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда россиялык Марина Суровцева менен кезек келип, аны дагы 10:0 эсебинде жеңген.

Бирок жарым финалдык кармашууда эстониялык Эпп Мяэге 3:3 эсебинде (акыркы упайды алган утат) жеңилип, коло үчүн күрөшкө чыкты. Үчүнчү орунга болгон таймашууда Айпери Медет кызы украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде артта калтырып, коло байгени камсыздады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

722