7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суунун 43 жаштагы тургуну жардыруучу зат менен колго түштү

687

Кара-Суу районунда жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрь Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 30-сентябрь күнү Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз алып жүргөн жарандарды аныктоо максатында, ыкчам иликтөө иш-чара жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын алкагында Кара-Суу районунун Савай айылында, ошол эле айылдын тургуну 43 жаштагы З.О., аттуу жаран кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө З.Онун көтөрүп жүргөн спорттук баштыгынан эки найлуу (стволу), эки даана найлары (стволу) кесилген абалда ок атуучу куралдар жана граната алынган.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 253-берененин (куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгуртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688